Центр по климатическому финансированию (ЦКФ)

2021-жылдын 24-сентябрында климаттын өзгөрүшү, экология жана “жашыл” экономиканы өнүктүрүү маселелери боюнча Координациялык кеңештин биринчи отуруму өттү.

 

КР Министрлер кабинетинин төрагасы У.А. Марипов жана КР экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетин төрайымы Д.А. Кутманованын төрагалыгында өткөн отурумунда БУУнун климаттын өзгөрүүсү боюнча алкактык конвенциясынын (БУУ КӨАК) парник газдарынын чыгарылышын азайтуу боюнча чараларды жөнгө салуучу негизки макулдашуусу болуп саналган Париж макулдашуунун алкагыдна Кыргыз Республикасынын Улуттук деңгээлде аныктаган салымы (УДАС) документи каралып, жактырылды.

 

Жаңыланган УДАСка ылайык, 2025-жылы Кыргыз Республикасында “бизнес-адаттагыдай” (БКО) сценарийи боюнча парник газдарынын чыгуулардын деңгээли 16,63%га төмөндөйт, ал эми эл аралык колдоонун шартында 36,61%га төмөндөйт. 2030-жылы өлкө “бизнес адаттагыдай” сценарийи боюнча парник газдарынын чыгуулардын деңгээли 15,97%га төмөндөйт, ал эми эл аралык колдоонун шартында 43,62%га төмөндөө каралган.

 

Булар төмөндөгүлөрдү ишке ашыруу аркылуу пландаштырылган:

– ВИЭ (кайра жаралуучу энергия булактары) (күн, шамал жана геотермалдык электрикалыр булактар, биогаз жана кичи ГЭСтер),

– Транспорт жана электромобилдүүлүк,

– Энергия натыйжалуулугу жана газдаштыруу.

 

Адаптациялык компонентте төмөнкү аспекттер аныкталды:

– суу жана энергетикалык инфраструктураны калыбына келтирүү, бекемдөө жана куруу;,

– Айыл чарба секторунда климаттык технологияларды илгерилетүү,

–  Климаттык катастрофаларга мониторинг жүргүзүү тармагын кеңейтүү жана зыянды азайтуу.

 

Жаңыртылган УДАС расмий түрдө 2021-жылдын 31-октябрдан 12-ноябрга чейин Улуу Британияда, Глазго шаарында өтө турган БУУнун КӨАК тараптардын 26-конференциясында көрсөтүлөт.

 

Тактама маалымат:

Климаттын өзгөрүшү, экология жана “жашыл” экономиканы өнүктүрүү маселелери боюнча Координациялык кеңештин катчылыгы Кыргыз Республикасынын экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Климаттык каржылоо боюнча борбору болуп саналат.