КР ККБ – Кыргыз Республикасындагы климаттык каржылоо боюнча жетектөөчү мамлекеттик түзүм. ККБ нын негизги максаты – климаттык фонддордун жана эл аралык уюмдардын каржы ресурстарын тартуу, климатка ыңгайлашуу боюнча инвестициялык программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгуу жана аларды ишке ашыруу, ошондой эле климаттык өзгөрүү боюнча бардык кызыкдар тараптардын ишмердүүлүгүн координациялоо.
Климаттык каржылоо деген эмне?
Климаттык каржылоо – бул төмөндөгү климаттык иш-чараларды мамлекеттик жана жеке булактардын каржы ресурстары менен камсыздоо:
Парниктик газдардын бөлүп чыгышын азайтуу же алардын сиңимдүүлүгүн жогорулатуу аркылуу климатка таасирди жумшартуу боюнча иш-чаралар (митигация), жана
Калкты жана экономиканы климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине ылайыкташтыруу боюнча иш-чаралар.
События
Климаттык инвестиция программасында Кыргыз Республикасындагы негизги тармактардын ыңгайлашуу потенциалын жана климаттык туруктуулугун жогорулатуу боюнча узак мөөнөттүү, ошондой эле приоритеттүү инвестициялар аныкталган.